11.12.23

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана шаарынын акими Жеңиш Касымбекти кабыл алды. Көрүшмө учурунда, өлкө башчысына Астана шаарынын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсүнө байланышкан маалыматтар берилди.

Акимдин билдирүүсүндө, шаар бардык негизги экономикалык көрсөткүчтөр боюнча динамикалуу өнүгүүгө ээ болуп жаткан учуру. 2023-жылдын январь-октябрь айларында, Астана шаарына тартылган инвестициянын көлөмү бир триллион теңгеден ашкан. Мындан тышкары, жылдын аягына чейин жалпы суммасы 87,7 миллиард теңгеге бааланган 25 инвестициялык долбоорду ишке киргизүү пландалууда.

Президенттин назарына сунушталган баяндамада мектептер, жеткиликтүү жеңилдетилген турак-жай, мединалык борборлор, социалдык объектилердин курулушуна байланышкан маалыматтар дагы камтылган. Мындан тышкары, узак мөөнөттүү курулуштардын маселелерин чечүү, авариялык эски турак жайларды бузуу, турак жай конуштарын өнүктүрүү жана башка жүрүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, президент Касым-Жомарт Токаев социалдык жана инженердик инфраструктураны мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

https://centralasia.news/25628-astana-poluchila-trillion-tenge-investicij-s-nachala-goda.html