СA (NEWS) Казакстан  айыл-чарба вице-министри Арман Евниев 24-апрельде өкмөттүн жыйналышында, 2018-2017–жылдагы мал чарбачылыгын өнүктүрүү программасын жактап жатып, Казакстан жайыт аянты боюнча дүйнөдө 5-орунду ээлегендигин айтты.

 

Анын айткандарына караганда, жайыт жерлеринин аянттары 180 млн га түзөт. Бул малдардын санын 2 эсе көбөйтүүгө жардым берет. Мындан тышкары, 2 млн. га жерди суугарууга суу да бар.

 “Айылдык жерлерде калктын 50 пайызы жашайт. Бул, программа алкагында көпчүлүк айыл тургундары жумуш менен камсыздала тургандыгыны билдирет”, - деп белгилей кетти.

 Ал, программанын ишке ашуусу менен жаңы класстагы мал чарба дыйкандары пайда болоорун, феремердик (дыйкандык) чарбанын 20дан 100 миңге өсүүсү менен 500 миңге чейин тургундарды жумуш орундары менен камыздаарын, ири бодо малдын санын 7-15 млн го чейин өсө тургандыгын, кошо белгиледи. “Мындан тышкары бул программа кой жана уй эттерин өндүрүш көлөмүн 600 миң тоннадан 1.6 млн тоннага чейин жогорулатууга, экспортту 2.4$ млдр. чейин өстүрүүгө, жумуш өндүрүмдүүлүгүн 1 жумушчуга көбөйтүүгө болот – деп маалымдады, А.Евниев.