22.12.23

Батыш Казакстан облусунда “Рожковское” ири газ кени пайдаланууга берилди. Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов онлай аркылуу жаратылыш газын өндүрүү боюнча иш чараны баштоого катышты. Бул тууралуу, “primeminister.kz.” маалымат кызматы билдирди.

Газ конденсат кени 2008-жылы геологиялык чалгындоо иштеринин натыйжасында ачылган. Аталган газ кенинде 2040-жылга чейин 14,2 миллиард кубометр чийки газ жана 7,1 миллион тонна конденсат өндүрүү пландаштырылууда. Жер казынасын пайдалануу укугуна “КазМунайГаз” (50%), венгриялык “MOL Group” (27,5%) жана кытайлык “Sinopec” (22,5%) компанияларынан турган биргелешкен ишкана ээлик кылат. Бүгүнкү күндө 534 миллион долларга жакын инвестиция салынган.

“Рожковское” кенин иштетүүнүн аркасында, Казакстандын “Улуттук фонду” 501 миллиард теңге, жергиликтүү бюджет 110 миллиард теңге пайда көрүүсү күтүлүүдө. Мындан тышкары, акционерлер облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кеминде 3,1 миллиард теңге бөлүүнү пландап жатышат. Ошондой эле жыл сайын келишимдик милдеттенмелердин алкагында, инвестициялык сумманын 1 пайызын казакстандык кадрларды даярдоого бөлүнүп турмакчы.

https://kapital.kz/economic/121800/v-kazakhstane-nachali-dobychu-gaza-na-mestorozhdenii-rozhkovskoye.html