24.12.23

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында, Борбордук Азиянын аймактык түз инвестициясынын көлөмү 1,1 миллиард долларды түздү, бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге жогору. Бул тууралуу, Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) басма сөз кызматы билдирди.

Өз ара инвестициялардын негизги багыттары сырьелук өнөр жайы (31,7 пайыз), кайра иштетүү өнөр жайы (25 пайыз) жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр (21,9 пайыз) болуп саналат. Аймактын негизги ички инвесторлору Казакстан (87 пайыз) жана Өзбекстан (13 пайыз).

Борбор Азиядагы өз ара инвестициянын негизги алуучусу Кыргызстан (63 пайыз) болуп эсептелет. Андан кийин Өзбекстан (24 пайыз) жана Казакстан (11 пайыз) турат.

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) Евразия мейкиндигинде инвестициялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырган эл аралык каржы уюму болуп саналат. 17 жылдан ашык убакыттан бери аталган банк, экономикалык байланыштарды чыңдоого жана кеңейтүүгө жана анын мүчө өлкөлөрү болгон Беларусия, Казакстандын, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын ар тараптуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүп келет. Евразия өнүктүрүү банкынын  (ЕӨБ) уставдык капиталы 7 миллиард долларды түзөт.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/82323