12.01.24

Казакстандын “КазТрансОйл” компаниясы 2023-жылы “Баку-Тбилиси-Жейхан” мунай кууру аркылуу, нефти экспортунун көлөмүн 1 миллион 392 миң тоннага чейин көбөйткөн. Бул тууралуу, аталган  компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

“КазТрансОйл” компаниясы тараткан билдирүүдө:  “2023-жылдын 12 айында, Казакстандын мунайын “Актау” портунан экспортко ташуунун көлөмү 3 миллион 376 миң тоннаны түздү, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллион 108 миң тоннага көпттүк кылат. Казакстан мунайынын “Актау” портунан экспортко ташуу көлөмүнүн өсүшү, “Баку-Тбилиси-Жейхан” (Азербайжан-Грузия-Түркия) мунай кууру багытында ташылган чийки заттын көлөмүнүн 250 миң тоннадан 1 миллион 392 тоннага чейин көбөйүшү, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,5 эсеге көпттүк кылат. Тагыраак айтканда,  “Теңиз” мунай кенинен 1 миллион 057 миң тонна мунай ташылган”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Транскаспий коридору” аркылуу мунай ташуунун көлөмүн көбөйтүүнү тапшырган. Бул көрсөтмөгө ылайык,  “КазМунайГаз” компаниясы менен Азербайжандын “SOCAR” мамлекеттик мунай компаниясы, Казакстандын “Тенгиз” мунай кенинен “Баку-Тбилиси-Жейхан” багытында жылына 1,5 миллион тоннага чейин мунай ташууну караган келишим түзүлгөн.

https://kapital.kz/economic/122286/v-2023-godu-po-napravleniyu-baku-tbilisi-dzheykhan-eksportirovali-1-3-mln-tonn-nefti.html