16.01.24

Казакстандын жашыл энергия булактары (ВИЭ) тармагында олуттуу потенциал бар. Өлкөнүн Энергетика министрлиги беш жылдык мөөнөт ичинде, аукциондорду өткөрүүнүн графигин иштеп чыгып кабыл алган. Бул тууралуу, Энергетика министрилиги 16-январь күнү, Астанада өткөн өкмөттүн жыйынында билдирди.

Казакстандын Энергетика министри: “Аукционго коюлган жалпы кубаттуулуктун көлөмү 6,7 (ГВт) түздү, ал эми аукциондун жыйынтыгы боюнча 2027-жылдын аягына чейин 592 (МВт) энергияны өндүрүү пландалууда. Ал эми 2029-жылга чейин бул тармака тартыла турган инвестициянын көлөмү 18 триллиондон теңгеден ашуусу күтүлүүдө”, - деп белгилеп өттү.

Анын айтымында, бул долбоорлорду ишке ашыруу энергетика системасындагы тартыштыкты жоюп, аны керектүү резервдик энергия менен камсыздайт.

Ошондой эле аталган министрликтин жетекчиси: “Белгилей кетким келет, пландаштырылган генерациялоочу объекттер электр кубаттуулуктарынын тең салмактуулугун сактап, электр тармактарына бир калыпта таралуусун камсыз кылат”, - деп билдирди.

https://qazaqgreen.com/news/kazakhstan/1711/