18.01.24

Казакстан 2029-жылга чейин Борбордук Азиядан Түштүк Азияга электр энергиясын жеткирүү үчүн ишке ашырылып жаткан “CASA-1000” долбооруна кошулууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу, Казакстандын өкмөтүнүн 16-январдагы жыйынында “KEGOC” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Наби Айтжанов билдирди.

Бул милдетти ишке ашыруу үчүн Казакстанда 18 триллион теңге акча каражатына бааланган өнөр жайды өнүктүрүүнүн масштабдуу программасы иштелип чыккан. Анын негизги максаты, энергиялык тартыштыкты жоюу жана экспортко электр энергиясын жеткирүү үчүн жалпы кубаттуулугу 26 (ГВт) ашык жаңы электр станцияларын курууну камтыйт.

Кошумчалай кетсек, Казакстан 2028-жылдын аягына чейин батыш аймагынын электр тармактарын өлкөнүн бирдиктүү электр энергетикалык системасы менен туташтыруу үчүн электр берүү чубалгыларын куруу долбоорун ишке ашырууну көздөп жатат.

Ошондой эле түндүк жана түштүк аймактардын ортосундагы байланышты мындан ары чыңдоо жана Казакстандын транзиттик потенциалын жогорулатуу үчүн чыңалуусу 500 (кВ) түндүк-түштүк электр чубалгыларын куруу пландаштырылууда.

Наби Айтжанов: “Долбоорду ишке ашыруу, Казакстанга “CASA-1000” долбооруна кошулууга жана Түштүк Азияга электр энергиясын сатуу рыногун кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Бул багытта долбоорго чейинки иштер башталган, алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан. Долбоор 2029-жылы  аягына чыгарылмакчы”, - деп билдирди.

https://economist.kg/enierghietika/2024/01/18/kazakhstan-k-2029-ghodu-namierien-prisoiedinitsia-k-proiektu-casa-1000/