26.01.24

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Astana Motors” компаниясынын негиздөөчүсү Нурлан Смагулов менен жолугушуп, компанияны өнүктүрүү жана жаңы автомобиль заводун куруу пландарын талкуулады. Бул тууралуу, президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Нурлан Смагулов президентке “Hyundai Trans Kazakhstan” жана “Hyundai Trans Almaty” заводдорунун өндүрүмдүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, 2023-жылы аталган компаниялар 48 миң 857 жеңил унаа жана 981 даана коммерциялык автоунааларды өндүрүшкөндүгүн билдирди.

Мындан тышкары, Нурлан Смагулов жана президент “Astana Motors Manufacturing Kazakhstan” жаңы мультибренддик заводдун курулушун талкуулашты. Анда “Chery”, “GWM” жана башка брендге тиешелүү автоунааларды өндүрүү пландалууда. Заводдун өндүрүшүнүн көлөмү жылына 90 миң автоунааны түзөт. Курулуш 2025-жылдын февраль айына чейин бүткөрүлөт. Касым-Жомарт Токаев автоунаа өнөр жайын камтыган кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, Казакстандын өнөр жай саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин баса белгиледи.

https://centralasia.news/26498-novyj-avtomobilnyj-zavod-pojavitsja-v-kazahstane.html