01.02.24

Казакстан 2024-жылы Кыргызстандын экономикасына 70 миллион доллар инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу, Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу, Бишкекте Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдирди.

Мурат Нуртлеу Казакстан Кыргызстандын активдүү инвестору жана негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи. Өткөн 2023-жылы Казакстандын түз капиталдык салымдары 55 миллион долларды түзүп, ал эми жалпы Кыргызстандын экономикасына 1,3 миллиард доллардан ашык инвестиция салган.

Мурат Нуртлеу: “Биз жакшы перспективаларды көрүп жатабыз жана экспортту дагы 260 миллион долларга көбөйтүүгө даярбыз, Казакстан Кыргызстанга  200 ашык товардык позицияны сунуштай алат. Тамак-аш, өнөр жай, нефтехимия, курулуш, фармацевтика жана башка тармактарда потенциалыбыз бар”, - деп  белгилеп өттү.

Тышкы иштер минстри, Казакстандын инвестициясынын негизинде Кыргызстанда ишке ашырып жаткан, “Бозумчак” жез-алтын кенин иштетүү, ошондой эле Ысык-Көлдө 50 (МВт) кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруп жатканын белгилеп өттү.

https://economist.kg/ekonomika/2024/01/29/kazakhstan-ghotov-inviestirovat-v-ekonomiku-kr-70-mln-v-2024-ghodu/