20.03.24

Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ)  айыл чарба министрлеринин үчүнчү кеңешмесинин соңунда, жыйынтыктоочу коммюникеге кол коюлду. Көрүшмөнүн жүрүшүндө тараптар кеңири пикир алмашып, айыл чарба продукцияларынын өз ара соодасын өнүктүрүү, айыл чарбаны камсыздандыруу схемаларын илгерилетүү, илимий-изилдөө тармагында кызматташууну кеңейтүү боюнча макулдашышты.

Ошону менен бирге катышуучулар айыл чарба кооперациясы боюнча жумушчу топтун алкагында түзүлгөн иш-планын аягына чыгаруу жана аны мөөнөтүнөн мурда ишке ашырууну баштоо керек экендигин белгилешти.

Мындан тышкары, Айыл чарба министрлери реалдуу убакыт режиминде маалымат алмашуу, рыноктук маалымат алмашуу жана маалыматтарды талдоо, сооданы толуктоо жана Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн аймагындагы айыл чарба наркы боюнча отчеттуулук үчүн бирдиктүү платформаны түзүү үчүн муктаждыктар жана мүмкүнчүлүктөр үстүндө иштөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Тараптар ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жергиликтүү жана климатка туруктуу сортторун сактоо жана жайылтуу үчүн аймактык үрөн банкын түзүү боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Катышуучулар айыл чарба инфраструктурасын жакшыртуу үчүн ички жана тышкы инвестицияны тартууну макулдашышты.

Жыйынтыктоочу документке жалпысынан он беш пункт киргизилген. Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) айыл чарба министрлери санариптик айыл чарба маалымат платформасын түзүүнү тездетүү жана бул маселеге арналган бир катар жолугушууларды уюштуруу боюнча макулдашышкан. Мындан тышкары, Казакстандын Тараз шаарын 2024-жылдын сентябрынан баштап бир жылдык мөөнөткө Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) айыл чарба борбору деп жарыялоо чечими кабыл алынган. Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) айыл чарба министрлеринин 4-жыйыны Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

https://www.gov.kz/memleket/entities/moa/press/news/details/732792?lang=ru