19.04.24

Казак-кыргыз өз ара аракеттешүүсү стратегиялык өнөктөштүктүн духунда өнүгүп жатканын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жыйынында билдирди.

Токаев Казакстан жана Кыргызстандын союздаштык мамилелерди чыңдоо үчүн бардык зарыл дарамети бар экенин белгиледи. Касым-Жомарт Токаев: “Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жыйыны кызматташуу чөйрөсүн мындан ары кеңейтүүгө өбөлгө түзөт жана биздин өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарат”, – деп белгилеп өттү.

Садыр Жапаров ошондой эле эки өлкөнүн кеңири багыттары боюнча өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров: “Кыргызстан Казакстан менен эки тараптуу байланышты тереңдетүүгө багытталган тышкы саясат жүргүзүүдө. Бири - бирибизди колдоп, келечек жөнүндө ойлонуп, көйгөйлөрдү биргелешип чечүү маанилүү”, - деп билдирди.

Президенттер пикир алмашуу жемиштүү болгонун, эки тараптуу өз ара аракеттешүүнүн приоритеттери жана мындан аркы милдеттери аныкталганын баса белгилешти.

Касым-Жомарт Токаев менен Садыр Жапаров Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилени сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга эки тараптуу умтулуусун билдиришти.

Ошондой эле соода-экономикалык, транспорт-логистика, суу-энергетика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери талкууланды.

Маалым болгондой, иш-чарада Казакстан менен Кыргызстандын вице-премьер-министрлери Серик Жумангарин менен Адылбек Касымалиев, ошондой эле эки өлкөнүн министрлер кабинетинин жана Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү баяндама жасашты.

https://ru.sputnik.kz/20240419/prezidenty-kazakhstana-i-kyrgyzstana-otkryli-zasedanie-vysshego-mezhgosudarstvennogo-soveta-43778750.html