07.05.24

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 6-май күнү, Түркия менен  Казакстан өкмөттөрүнүн ортосундагы жүктөрдү эл аралык  ташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Мындай кадам эки өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү болуп саналат. Бул тууралуу, Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, Казакстандын Мажилисинин депутаттары бул келишимди колдой турганын билдиришкен. Казакстандын Транспорт министри Марат Карабаев белгилегендей, бул келишимдин максаты автоунаа, темир жол жана суу инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.

Макулдашууну ратификациялоо эки өлкөнүн ортосундагы транзиттик транспорттук потенциалды жана соода-экономикалык мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле автоунаа, темир жол жана деңиз транспортторун камтыган жүк агымын көбөйтүүгө багытталган. Документте тиешелүү байланыш жана транзиттик кызматтарды көрсөтүү каралган.

https://centralasia.news/28317-perevozka-gruzov-mezhdu-kazahstanom-i-turciej-stanet-prosche.html