Борбордук Азиянын региондорундагы байланыш жолдорду оңдөп-түзөө боюнча программасынын үчүнчү этабын ишке ашыруу үчүн Эл аралык өнүгүү ассоциациясы 55 миллион доллар бөлүп берет. Бул жөнүндө Кыргызстандын Транспорт жана жол министрлиги билдирди.

Бөлүнө турган  каражаттын жарымы атап айтканда 27,5 миллион доллар грант катары берилет. Бул каражатка Каркыра туристтик борборуна чектеш болгон Түп-Кеген жолун калыбына келтирүү иш-чаралары жана жолдорду тейлөө жабдууларын сатып алуу каралган.

Долбоордун дагы бир бөлүгү учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөө тармагында жергиликтүү авиациялык агенттиктеринин жана Ишенбай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжинин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга бөлүнмөкчү.

Долбоордун алкагында беш турсттик маалымат кызматы  борборлору ачылат жана туристтик статистика жана геопарктарды өнүктүрүүгө колдоо көргөзүшөт.

https://24.kg/ekonomika/98801_mejdunarodnaya_assotsiatsiya_razvitiya_vyidelit_kyirgyizstanu_55_millionov/