09.11. 2018  Бишкек

ЕБ Борбордук Азияда радиоактивдүү уулуу заттар менен күрөшүү үчүн 10 млн евро бөлөт. Бул тууралуу Европа Биримдиги Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Билдирүүдө  жакында эле Лондон шаарында,  Борбор Азиядагы уран калдыктарын жоюу боюнча, эл аралык донордук жыйыны болуп өттү. Жыйында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанда радиоактивдүү уулуу заттар менен күрөшүү үчүн Европа Биримдиги кошумча 10 миллион евро бөлүү боюнча чечим кабыл алган. Буга чейин, ушул максатта бөлүнгөн  16 миллион еврого кошумча катары берилет.

"ЕБ Борбор Азиядагы уран объектилерин калыбына келтирүү боюнча программаны ишке ашырууда башкы ролду ойнойт. Он жылдан ашык убакытта үч өлкөдө алдын ала изилдөөлөр жүргүзүлүп, келечекте жасала турган иштердин айлана-чөйрөгө таасири, техникалык-экономикалык изилдөөлөр даярдалды. ЕБ бул үчүн  14 миллион евро бөлүп берген ", - деп билдирди Европа Биримдиги өкүлчүлүгүнөн.

Эксперттердин айтымында, уран өндүрүшүндөгү  уулуу калдыктар аймакта 1 миллиард тонна  жана адамдарга, айлана чөйрөгө коркунуч туудурууда.

Программа Фергана өрөөнүндөгү булганууну  калыбына келтирүүдө муктаж болгон үч өлкөдө, жети объектинии тандап алган. Булар уран калдыктары топтолгон жерлер: Майлуу-Суу, Мин-Куш (Кыргызстан), жана Чаркесар, Янгиабад (Өзбекстан), Истиклоле жана Дигмае (Тажикстан).

https://24.kg/obschestvo/100874_esvyidelit_10millionov_evro_dlya_borbyi_sradioaktivnyimi_othodami_vtsa/