04.12.18.

Он ай аралыгында Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы соода алмашуу 50 пайызга, тагыраагы $ 325 млн. долларга жеткен. Бул боюнча  Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов  жетектеген топ  иш сапары менен Ташкентке барды. Жолугушууда эки өлкөнүн рыногунда талап кылынган товарларды камсыздоону кеңейтүү жана Кыргызстандан Өзбекстанга эт жана сүт азыктары, жашылча-жемиш, мөмө-жемиш, минералдык суу, картошка, курулуш материалдарын, машиналардын тетиктери, жарык берүүчү лампалар, айнек, көмүр жана травертинди экспорттоо  мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Ал эми Өзбекстандан  Кыргызстанга, жүк ташуучу, жүргүнчү унаалар, айыл чарба, коммуналдык жана атайын техникалар, турмуш-тиричиликте колдонулуучу техникалар, кабелдер жана электр зымдары, дары-дармектер, санитардык-техникалык жабдуу, эмеректер, текстиль, жер семирткичтер, сода, пахта үрөөнү, буудай жеткирүү күтүлүүдө.

 "Эки өлкөнүн  мамлекет башчылары эки тараптуу сооданы $ 500 млн.долларга чейин көбөйтүүнү пландап жатышкандыгын баса белгилешти. Тараптар, сөзсүз бул иштер аткарыла  тургандыгына ишенишет. Бул жылы эки тараптуу соода-сатыкта  активдүү өсүш  байкалгандыгы билдирилди.

https://24.kg/ekonomika/103052_tovarooborot_mejdu_kyirgyizstanom_iuzbekistanom_vyiros_do325_millionov/