Орусиянын президенти Путин мунай жана мунай заттарын жеткирүү  боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык кызматташтык  протоколун ратификациялоо жөнүндө федералдык мыйзамга кол койду.

Документке ылайык, Россиядан Кыргызстанга баланстык көрсөткүчтөрдүн негизинде ички керектөө үчүн  жеткизилген мунай заттарга  бажы алымдары алынбайт.

Жеткирилип жаткан мунай заттын, эсептөө иштери Россиянын бажы кызматынын карамагында болот.

2019-жылдын 6-декабрында, Кыргыз Республикасынын премьер-министринин ыкчам кийлигишүүсү менен 2019-жылга карата  Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен боюнча мамлекеттик комитети жана Орусиянын энергетика министрлигинин өкүлдөрү тарабынан  кол коюлган.

https://24.kg/ekonomika/105229_vladimir_putin_odobril_protokol_obesposhlinnyih_postavkah_nefti_vkyirgyizstan/