20.02.19.

2018-жылдын жыйынтыгында Кыргызстанга которулаган акча каражатынын суммасы 2 миллиард 685,3 миллион долларды түздү.

Бул жөнүндө Улуттук банк билдирди.

Муну менен бирге 2018-жылдын декабрында өлкөгө 205,9 миллион доллар которулган. Бул бир ай мурункуга караганда 30,7 млн. долларга аз.

Акча которуулардын 90 пайыздан ашыгы Россияга туура келет. Россиядан 2 миллиард 638,5 миллион доллар которулган.

Ошондой эле 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан башка өлкөлөргө чыккан акча каражаты 542,2 млн. долларды түзгөн. 2017-жылга салыштырмалуу, Кыргызстандан которулган акча каражатынын суммасы 90,3 млн. долларга өскөн.

Тактап айтканда, сырттан Кыргызстанга акча которуулардын таза агымы 2 млрд. 143,1 млн. долларды түзөт. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 112,8 млн. долларга көптүк кылат.

 

https://24.kg/ekonomika/109379_v2018_godu_migrantyi_pereveli_vkyirgyizstan_26_milliarda/