19.03.19

Орус-кыргыз өнүктүрүү  фонду 2019-жылы $ 100 млн. долларлык насыя келишимин түзүүнү пландаштырууда.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Олег Кудяков, Бишкек шаарында өткөн брифингде "Бул долбоор чоң проекттерди жана чакан жана орто ишканаларды биргелешкен банктардын жардамы аркылуу каржылоону камтыйт "-деди.

2018-жылы Орус-кыргыз өнүктүрүү  фонду тарабынан насыялоо $ 42,4 млн. долларга жеткен. Бул сумма фонддун тарыхында эң кичине  сумма болуп саналат.

Фонд башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев, бул жагдайды 2018-жылкы бизнес-чөйрөсүндөгү иш активдүүлүгүнүн төмөнкү деңгээлде болушу менен түшүндүрдү. Жалпысынан 55 долбоор бекитилди. Асрандиевдин айтымында, фонд $ 100 млн.доллар суммада каржылоого жетишүүсүн төмөнкүчө түшүндүрдү: “Мындай көрсөткүч 2018-жылдагы биздин күч-аракеттерибиздин натыйжасы болуп саналат. Буга чейинки  долбоорлордун 60-70% пайызы ишке ашырууга мүмкүндүк бар. Долбоорго кабыл алуу жыл бою уланат"-деди ал өз сөзүндө.

Асрандиев баса белгилегендей, каражат көбүнчө  өндүрүш тармагына сарпталат. Фонддун президенти, апрель айынын аягында ири долбоор ишке киргизиле тургандыгын да айта кетти.

http://kabar.kg/tur/news/rus-k-rg-z-kalk-nma-vakf-bu-y-l-100-milyon-dolarl-k-kredi-anla-mas-yapmay-planl-yor/