Бишкек шаарында 17-апрель күнү, Түрк Кеңешинин транспорт министрлерининин 4-отуруму болуп өттү. Ал тууралуу, Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Отурумга Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев, Кыргызстандын Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов, Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министринин орун басары Селим Дурсун, Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министринини орун басары Берик Камалиев, Азербайжандын Транспорт, байланыш жана жогорку технологиялар министрлигинин Транспортту жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы, Венгриянын Инновация жана технология министрлигинин транспорттук саясаты боюнча мамлекеттик катчысы катышышты.

Отурумдун жүрүшүндө Түрк Кеңешинин транспорт бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү Транс-Каспий коридорун өнүктүрүү боюнча кызыкдар экендигин жана Түркия аркылуу Кытайдан Европага транспорттук коридорун бойлото контейнер блок поезддер жана жол кербенин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Кыргызстан “кургак жол порту” долбооруна   кошулууну караштырып жатат.

Ага себепчи болгон жагдай, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан маршурту боюнча соода агымынын көбөйүүсү болууда. Мындан сырткары түрк тарабы менен Ош-Стамбул аба каттамын ачуу талкууланды жана тараптар бул маселе боюнча макулдашууга келишти. КРнын Транспорт министри Ж. Бейшенов билдиргендей Түрк Кеңешинин мамлекеттеринин Кытай, Борбордук Азия, Россия, Кавказия жана Европа аймактарынын экономикалык жана соода коридорлорун бириктире турган эл аралык транзиттик көпүрө болууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. 

Түркия менен кызматташуу боюнча сөзүндө министр Бишкек-Стамбул маршурту боюнча  үзгүлтүксүз аба каттамдары жыл сайын өсүүдө жана аба каттамдарын көбөйтүүгө муктаждык бар экендигин кошумчалай кетти. Кыргыз Республикасынын транспорт минстри Ж. Бейшенов: “Түрк тарабынын биздин түштүк борборубуз Ош шаарынан Стамбулга аба каттамдарын кайрадан жандандырууларын өтүнүп кетмекмин”- деп белгилеп өттү.  

http://www.tazabek.kg/news:1541225