Түркиялык “Dogan Jeotermal Group” компаниясы жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен комитети, Кыргызстанда геотермалдык ресурстарын өнүктүрүү жана колдонуу боюнча кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюушту.

22-майда өткөрүлгөн кол коюу аземине Кыргызстан партиясынан депутат Кубанычбек Нурматов, Кыргызстан партиясынын секретариатынын эксперти Замирбек Иманбеков, "Бишкектеплосеть" ачык акционердик коомунун төрагасы Эркин Абдыкалыков жана  Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен комитетинин кызматкерлери катышышты.

Түркиялык компания, Кыргыз Республикасынын геотермалдык ресурстарын өздөштүрүү жана пайдалануу боюнча долбоорун ошондой эле ысык жана муздак суу үчүн алдын-ала изолияцияланган түтүктөрдү өндүрүү, турак жайларды,  имараттарды Кыргызстандын геотермалдык булактардын эсебинен жылытуу боюнча долбоорлорун ишке ашырууну пландап жатат. Ал эми,  Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети мыйзамга ылайык, аны ишке ашыруу үчүн белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде жардам бермекчи.

http://kabar.kg/tur/news/turk-irket-k-rg-zistanda-jeotermal-tesisleri-acmay-planl-yor/