24.09.19

«Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтык өнүгүүдө», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 24-сентябрда, Бишкек шаарында болуп өткөн кыргыз-түрк бизнес-форумунда сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосунда көп жылдар бою түптөлүп, барган сайын бекемделип жаткан саясий өнөктөштүк бийик деӊгээлге жеткенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков: «Азыр Түркия менен өз ара ишенимге негизделген өзгөчө мамиле түзүлдү. Натыйжада, кыргыз-түрк соода-экономикалык мамилелери жакшы ыргакта өнүгүп жатат. Былтыр Түркиядан жалпысынан алганда 93 миллион доллардан ашык инвестиция келген. Түркиядан Кыргызстанга көз карандысыздыкты алган жылдардан бери бүгүнкү күнгө чейин, тартылган түз инвестициялардын көлөмү 600 миллион доллардан ашат» — деп белгиледи президент.

Ошол эле мезгилде, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык дарамет толук колдонулбай жатканын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы: «Эрдоган мырза менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн жакынкы жылдары азыркы 400 миллион доллардан бир миллиард долларга жеткирүү боюнча сүйлөшкөнбүз. Бул багыттагы иш-аракеттерибизди күчөтүү абзел», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Президент боордош түрк өнөктөштөргө өлкөнүн эшиги дайыма ачык экенин белгилеп, учурда кыргыз жергесинде жүздөгөн кыргыз-түрк ишканалары иштеп жатканын эске салды.

Сооронбай Жээнбеков бизнести каттоону жөнөкөйлөштүрүү, жаңы түзүлгөн ишканаларды 3 жылга текшерүүдөн бошотуу, негизсиз текшерүүлөрдү кыскартуу, салык ставкаларын төмөндөтүү жана башка инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү багытындагы иш-аракеттер жөнүндө айтып берди.

Президент, Кыргызстандын экономикалык потенциалын көтөрүүгө багытталган бир катар ири долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу: «Өлкөнүн транзиттик дараметин пайдалануу үчүн транспорт инфраструктурасын жакшыртабыз. Автомобиль жана темир жол байланыштарын кеңейтебиз, соода-логистикалык хабдарды түзөбүз. Туризм багытында да чогуу долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр арбын. Кыргыз тарап экологиялык жактан таза органикалык продукцияларды, анын ичинде этти, кургатылган жемиштерди, балды, жаңгак жана төө бурчакты экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө даяр. Алар, Түркиянын рыногунда өз ордун табат деп ишенебиз. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүүнү ишке ашыруудабыз. Түркиянын маалымат технологиялар чөйрөсүндө жетишкендиктерин эске алуу менен, бул тармак түркиялык достор үчүн кызыгуу жаратат деп ойлойм», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы түрк ишкерлерин жогоруда аталган тармактарга инвестиция салууга чакырды. Кыргызстанда инвестордун активдери жана жеке менчиги кол тийгис, буга мамлекет толук кепилдик бере тургандыгын белгиледи.

https://kabar.kg/kyr/news/zheenbekov-kr-menen-t-rkiianyn-ortosundagy-investitciialyk-kyzmattashtyk-n-g-d/