07.10.19

Эки өлкөнүн ортосунда, Кызыл-Кыя – Фергана – Кызыл-Кыя эл аралык маршруттук каттам ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Баткен облустук транспорттук башкаруу башкармалыгынан кабарлашты.

Жаңы ачылган каттамдын ачылыш аземине, Кызы-Кыя шаарынын мериясынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары жана  Өзбекстандын президентинин Фергана облусундагы өкүлдөрү катышты.

Биринчи жүргүнчүлөр үчүн, жол акысы бекер болду. Ал эми, Кызы-Кыя шаарынан Фергана шаарына чейин жол кире акысы 65 сомдон (1 доллар) болмокчу. Жогорудагы маршрут боюнча, күнүнө Кызы-Кыя шаарынын автобекетинен саат 09:00, 10:00, 14:00 жана 15:00  убактыларында автобустар  каттап турмакчы.  

Эске сала кетсек, 25-сентябрь күнү Өзбекстандын Андижан жана Кыргызстандын Ош шаарларынын ортосунда автобустук каттам ачылган болучу. Жол кире акысы 100 сомду (1,5 доллар) түзгөн.

2005-жылы Өзбекстанда болуп өткөн Андижан окуясынан кийин, Өзбекстан бир тараптуу негизде, өзүнүн Кыргызстан менен болгон чек арасын жапкан болучу. 2016-2017-жылдары эки тараптын президенттери жана өкмөт башчыларынын бир нече жолугушууларынан кийин, чек аралар ачылган эле. 

http://asiatv.kg