02.11.19      

Ташкент шаарында, Өзбекстанга иш сапар менен барган Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун жолугушуусу болуп өттү.

 Жолугушууда ар кыл чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды. Бул тууралуу, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов эки өлкө үчүн тең маанилүү маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк берген жолугушуу өтүп жатканына кубанычта экендигин белгилеп келип: “Биздин жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн динамикасы өз жыйынтыктарын берип жатат. Мамлекет башчыларыбыздын ортосундагы ишенимдүү мамилелер жана достук алакабыз коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн тарыхынын жаңы барагын ачты. Мындай кадамдар, боордош элдерибиздин ортосундагы достукту бекемдейт”, – деп белгилеп өттү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргызстан Өзбекстан Республикасы менен ар тараптуу мамиле түзүүгө жана кызматташууга өзгөчө маани берерин белгилеп жатып: “2016-жылы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүү 50 миллион долларды түздү. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча соода жүгүртүү, өзбек тараптын статистикасына ылайык, 446 миллион долларды түзгөн. Бул акыркы 2,5 жылда товар жүгүртүү бир нече позициялар боюнча үч эсе, ал эми башка товардык номенклатуралар боюнча 10 эсе өскөнүн айтып турат. Эки мамлекеттин президенттеринин саясий эрки биздин экономикалык жана маданий байланыштарыбызды бекемдеп, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда интенсивдүү алакаларды өнүктүрөт”, – деп билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамилелеринин бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде чек ара маселелеринде кызматташуу жана соода-экономикалык байланыштарды мындан ары карай активдештирүүгө тийиштүү маселелер талкууланды.

http://kabar.kg/kyr/news/abylgaziev-zhana-zbekstandyn-km-t-bashchysy-menen-zholugushtu/