14.11.19

2019-жылдын алгачкы тогуз айында, “Кумтөр” алтын өндүрүүчү ишканасында 451 миң 679 унция же 14 тонна 48,8 килограмм алтын өндүргөн. Жыл башынан бери, компания 10,79 миллиард сомдон ашуун салыкты жана милдеттүү төлөмдөрдү өлкө казынасына которгон деп билдирет “Кумтөр Голд” компаниясынын басма сөз кызматынан.

Алтын өндүрүүнүн көлөмү, 2019- жылдын III кварталында  4 тонна 675,01 килограммды түзгөн. Ал эми, 2018-жылдын ошол эле мезгилинде   3 тонна 808,47 килограмм алтын өндүрүлгөн болучу.

2019-жылдын III кварталында өткөн жылга салыштырмалуу алтындын көп өндүрүлүшүнүн негизги себеби, катмарында алтындын үлүшү көп болгон №18 жана №19 аймактарында казуу иштери жүргүзүлгөндүгү менен байланыштуу.

https://24.kg/ekonomika/134949_bolee_14tonn_zolota_dobyili_narudnike_kumtor_zadevyat_mesyatsev_2019_goda/