02.12.19

Кыргызстандын 2019-жылдын январь-сентябрь айларында айыл чарба продукцияларынын тышкы соода жүгүртүүсү $660,1 миллион долларды түздү. Ал өткөн жылга караганда 17,7% пайызга көбөйгөн.

Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин маалымат жыйынында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылга салыштырмалуу экспорттук сатуулар 24,9% пайызга көбөйүп, 184,8 миллион долларды түзгөн. Ал эми, импорттук продукциянын келиши 9,9% пайызга өсүп, 475,4 миллион долларды түзгөн.

Жаныбек Керималиев: “2019-жылдын январь-сентябрь айларында тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциялары 12 миллиард 890 миллион 300 миң сомго экспорттолгон. Ал былтыркы жылга салыштырмалуу 27,3% пайызга өскөн. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы продукцияларынын импорту 33 миллиард 162 миллион 200 миң сомду түзгөн. Бул көрсөткүч, 2018-жылга караганда 9,9% пайызга көптүк кылат”, - деп билдирди. Кыргызстандан 2018-жылы чет өлкөлөргө,  жашылча, жемиш, сүт, эт азыктары 6 миллиард сомго экспорттолгон. Алардын басымдуу бөлүгү  Түркия, Казакстан, Россия жана Украинага жөнөтүлгөн.

http://kabar.kg/kyr/news/kyrgyzstanda-aiyl-charba-produktciialarynyn-tyshky-sooda-zh-g-rt-s-660-1-mln-t-zd-kerimaliev/