06.12.19

Кытай Элдик Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Юе Бинь мырза 6-декабрь күнү журналистерге маек берип жатып: “Кыргызстан жана Кытай географиялык жактан коңшу өлкө жана алардын өнүгүүдөгү кызыкчылыктары бирдей” - деп билдирди. 

Элчи мырзанын айтымында, 2020-жылдын  5 январь күнү, эки өлкөнүн кызматташтыгынын 28 жылдыгы белгиленет. Ал өз сөзүндө, апрель айында, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайда болуп  өткөн “Бир алкак-бир жол” форумуна катышкандыгын да белгилеп өттү.

Форумдун алкагында, дүйнөнүн 160 ашык өлкөлөрү, Кытай менен мамиле куруу боюнча документтерге кол коюшкан. Ошондой эле, “Бир алкак-бир жол” долбооруна катышкан мамлекеттерге Кытайлык компаниялардан  барган түз инвестициянын көлөмү, акыркы 6 жылдын ичинде $90 миллиард долларга жеткен. 2019-жылдын  9 айынын ичинде, Кытай  56 өлкөгө $11,5 миллиард доллар өлчөмүндө инвестиция салган.

Элчи Юе Бинь: “2018-жылдан бери Кытай жана Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү $5,6 миллиард долларга жеткен. Бул көрсөткүч, биздин эң алгачкы мамиле кылган жылдарга салыштырмалуу 150 эсеге көптүк кылат. Акыркы 9 айдын ичинде, товар алмашуу 6% пайызга өсүш берип  $4,4 миллиард долларды түзгөн. Кытай көп жылдан бери, Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү болуп келүүдө. Кытайдын базарларында, Кыргызстандан келген алча, бал, сүт азыктары, буурчак жана буудай сатылууда. Акырындап, уйдун этин дагы Кытайдын базарларында сатуу иштери жолго коюлуп жатат. Кыргызстандын аймагында кытайлык компаниялардын жардамы менен “Датка-Кемин” электр станциясы, Ош шаарында оорукана, “Түндүк-Түштүк” автожолу курулууда.  Жалпысынан кытайлык компаниялар Кыргызстандын аймагында 10 миң жумушчу ордун пайда кылышкан”- деп сөзүн аяктады.

http://www.tazabek.kg/news:1583409?from=portal&place=last&b=2