11.12.19

CASA-1000 долбоорунун алкагында, Афганстан жана Пакистанга электр энергиясын сатуудан Кыргызстан 15 жылдын ичинде, 1,5 миллиард доллардан ашык каражат табат.

Бул тууралуу “Кабар” агенттиги өткөргөн маалымат жыйында "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" Ачык акционердик коомунун (ААК) долбоорлорду өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн аткаруучу мүдүрү Акылбек Түмөнбаев билдирди.

Долбоордун алкагында, “Электр станциялары” ишканасы 1,2 миллиард доллар, "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" Ачык акционердик коому (ААК)  322 миллион доллар пайда табат. Экспортко чыгарыла турган электр энергиянын 1 кВтынын  баасы 5,42 центтке барабар болмокчу.

Кыргызстан жыл сайын май айынан сентябрга чейин 377 миллион кВт электр энергиясын милдеттүү түрдө сатууга жөнөтүп турушу керек болот. Ал эми, 800 миллион кВт өлчөмүндөгү энергияны  мүмкүнчүлүгүнө карап берип турса болот.

Келишимде ылайык, Кыргызстан менен Тажикстанда электр энергиясында тартыштык жана башка жагдайлар болуп калса, эки өлкө бири-биринин ордуна электр энергиясын жөнөтө алат.

Эскерте кетсек, “CASA-1000” долбооруна 4 мамлекет кирет: Кыргызстан, Тажикстан, Афганстан жана Пакистан. Долбоор ишке ашкандан кийин, Кыргызстан менен Тажикстан Афганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттой баштайт. Долбоордун жалпы наркы 1 миллиард доллардан ашат.

http://kabar.kg/kyr/news/casa-1000-dolbooru-15-zhylda-kyrgyzstan-1-5-mlrd-dollardan-ashyk-karazhat-tabat/