19.12.19

Кыргызстандын айыл чарбасын колдоо, региондордун өнүгүүсүнө түздөн-түз мүмкүндүк берет. Бул тууралуу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абулгазиев, Ош облусунун Араван районуна караштуу “Интернационал” айылында жайгашкан күнөскана комплексинин иши менен таанышуу учурунда билдирди.

Өкмөт башчысынын айтымында, дыйкандарды колдоо канчалык көп болсо, региондорду өнүктүрүүгө чоң түрткү болот. Өкмөт мындан ары дагы дыйкандарды колдоону күчөтүүнү, айыл чарба тармагына бериле турган жеңилдетилген кредиттин көлөмүн көбөйтүү үчүн каражат табууну караштырып жаткандыгын белгилеп өттү.

Мухаммедкалый Абулгазиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен “Centerra Gold Inc” компаниясынын ортосунда түзүлгөн “Стратегиялык келишим” аттуу макулдашуусунун алкагында келип түшкөн 5 миллиард сом (72,4 миллион доллар) каражаты, аймактарды өнүктүрүүгө, дыйкандардын кирешесин көбөйтүүгө жана жаңы өндүрүш тармактарын ачууга багытталмакчы.

Өкмөт башчысы, Айыл чарба министрлигине күнөскана чарбаларын өнүктүрүү үчүн долбоор иштеп чыгууну жана аны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бизнес өкүлдөрү менен биргеликте түзүп чыгуу тапшырмасын  берди.

https://www.tazabek.kg/news:1586432?from=tazabek&place=mainlast