30.01.20

 Ош шаарында Борбор Азиядагы алдыңкы машина чыгаруучу завод курулууда. Ишкана жакында өз ишин баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов: “Бул ишкана Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки биринчи машина куруучу завод болуп эсептелинет. Завод Европанын заманбап жабдыктары, техникалары менен жабдылат. Заводдо энергетикалык жабдыктар – гидротурбинал, генераторлорлордун ар кандай түрүн чыгаруу пландалууда. Андан тышкары, аталган компаниянын жетекчиси Нурбек Осмоновдун сөзүнө таянсак, келечекте электромобилдерди чыгаруу пландалууда.

Мындай ишкананын ачылышы шаардын жана республиканын экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошот, ал эми чыгарылган өндүрүш биздин гана өлкөнүн талабына эмес, өлкөнүн сыртына да керектелерине үмүт бар. Андан тышкары бир нече жаңы жумушчу орундары түзүлөт. Ушул ишкананын курулушуна абдан көп күч жана каражат жумшаган “Каганат инвест” холдингинин жетекчиси Нурбек Осмоновго терең ыраазычылык билдиребиз” - деди шаар башчысы.

Эскерте кетсек, заводду "Кыргыз Унаа Курулуш" компаниясы куруп жатат. Бул “Каганат инвест” холдингине караштуу компания болуп эсептелинет. Заводдогу иштөө процесси максималдуу автоматташтырылган. Европадан жогорку квалификациялуу адистер чакырылат. Өндүрүш ишканасы 3 гектар жерди ээлеп, ал эми ишкананын жалпы аянты 16 миң чарчы метрди түзмөкчү.

 

http://kg.kabar.kg/news/osh-shaarynda-mashina-chygaruuchu-zavod-kuruluuda/