03.02.20

Кыргызстан менен Германиянын өз ара соодасынын көлөмү 2019-жылдын 10 айында $57,76 миллион долларды түзгөн.

2019-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын Германияга экспорттогон товарынын көлөмү $5,8 миллион долларды түзсө, ал эми Кыргызстандын Германиядан импорттоп келген товары $51,96 миллион долларга жеткен.

2019-жылдын 9 айында Германиядан Кыргызстанга келген түз инвестициялардын агымынын көлөмү $2 миллион 860,1 миң долларды түзгөн.

Эскерте кетсек, азыркы учурда Кыргызстанда эки өлкө биргелешип курган 150 ишканалар жана компаниялар иш алып барышат.

Бул компаниялар экономиканын ар түрдүү тармактарында иш жүргүзүшөт. Аларга, соода, өнөр жай, туризм, энергетика, кызмат көрсөтүү тармактары кирет. Германия инвестициялык салымдарынын негизги бөлүгүн кайра иштетүү, өнөр жай, соода жана айыл чарба тармагына багыттаган.

https://www.tazabek.kg/news:1593899?place=choice&from=pro3