08.02.20
2019-жылдын январь-ноябрь айларында, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө Кыргызстандан экспорттолгон товардын көлөмү 38 миллиард 461 миллион 238,6 миң сомду  ($551 миллион 216,6 миң долларды) түзгөн.

Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө 400 түрдөн ашуун товарларды экспорттогон. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын жалпы тышкы соода жүргүртүүсүнүн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен болгон үлүшү 38,9% пайызды түзгөн. Анын ичинде экспорт 32,1% пайыз, импорт 41,5% пайызы туура келген. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн ичинен, соода алакалар Россия жана Казакстан өлкөлөрү болуп менен болгон. Ошентип, 2019-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан Казакстанга 305 миллион 66,1 миң долларга бааланган товарларды экспорттогон.

https://www.tazabek.kg/news:1595358?place=choice&from=pro3