05.03.20

2019-жылы Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына барган туристтердин саны көбөйгөн. Бул туурасында 5-март күнү Бишкекте өткөн маалымат жыйынында, Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Надырбек Козубаев билдирди.

2018-жылга салыштырмалуу 2019-жылы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына келген жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтердин саны 5,796 адамга көбөйгөн. Акыркы жылдары Кыргызстанда, өзгөчө корукка алынган жаратылыш аймактарынын аянты көбөйгөн. Учурда бул аймактардын өлкө боюнча жалпы аянты 1 миллион 476,1 миң гектарды түзөт.

https://www.tazabek.kg/news:1600904?from=tazabek&place=mainlast