17.04.20

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев бюджетти колдоо үчүн сырттан тартылып жаткан акча каражаттары тууралуу маалымат берди.

Эркинбек Асрандиев: “Өнүктүрүү институттарынан алынып жаткан жардамдын көлөмү 456,4 млн долларды түзөт. Бул макулдашылган сумма болуп эсептелет. Мындан тышкары, сүйлөшүүлөр болуп жаткан долбоорлор жана жардамдар бар. 456 млн доллардын ичинен 31-март күнү Дүйнөлүк валюта фондунан (МВФ) 120 млн доллар келген. Калган 335 млн долларды алуу боюнча макулдашуулар болуп, Өнүктүрүү институттарынын директорлор кеңеши тарабынан ар кайсы баскычта каралып жатат же биздин ички мамлекеттик процедуралардан өтүүдө. Жаңы эле белгилегендей, Дүйнөлүк валюта фондунан (МВФ) биринчи транш менен 120 млн доллар келген. Учурда, Дүйнөлүк валюта фондунан (МВФ) дагы 120 млн доллар өлчөмүндөгү экинчи транш боюнча да макулдашуу болду. Аны алуу шарттары жана процедуралары боюнча иштер жүрүп жатат. Алар кийинчерээк келет деп күтүп жатабыз” - деп билдирди.

Эркинбек Асрандиев белгилегендей, Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен 120 млн доллар жардам алуу боюнча алдын ала макулдашуу болду. Учурда, ал банктын директорлор кеңешинин кароосуна берилген.

Эркинбек Асрандиев: “Дүйнөлүк банктан 21 млн доллар алууну пландап жатабыз. Анын ичинен, 12 млн доллар биздин ички мамлекеттик процедуралардан, ратификациядан өтүп жатат. Мурдагы күнү, Жогорку Кеңеш ал келишимди жактырды. Азыр ага кол коюуну күтүп жатабыз. Калган 9 млн доллар Дүйнөлүк банк менен макулдашылды. Азыркы тапта медициналык жана коргонуу каражаттарын жана дары-дармек алуу үчүн тендер жүргүзүлүүдө. Тендер, Дүйнөлүк банктын шарттары менен өткөрүлүп жатат. Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) директорлор кеңешинин кароосуна 15 млн доллар алуу маселесин алып чыгуу пландалууда. Европа биримдигинен 28 млн доллар күтүп жатабыз. Германиянын өнүктүрүү банкынан (KFW) 30 млн доллар өлчөмүндө каражат алуу макулдашылды. Бул каражаттарды, бизнеске жеңилдетилген насыя иретинде берүүнү Германиянын өнүктүрүү банкы (KFW) менен макулдаштык. Бул сумма, мурда бизнести колдоого жумшалат деп пландалган 14 млрд сомдун ичине кирет” - деп билдирди.

http://kg.kabar.kg/news/asrandiev-n-kt-r-instituttarynan-alynyp-zhatkan-makuldashylgan-zhardamdyn-k-l-m-456-4-mln-dollardy-t-z-t/