27.04.20

Кыргызстанда  коронавирус (COVID-19) инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ачылган атайын эсебине, жеке адамдар жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө берген акча каражаты 155 миллион сомго (1,9 миллион доллар) жеткен. Анын ичинен 55 миллион сом акча каражаты керектөөлөргө жумшалган.

Кыргызстандагы коронавирус (COVID-19) инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн келип түшкөн каражаттарды кабыл алуу жана бөлүштүрүү боюнча, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Маалыматтык камсыздоо бөлүмү тараткан маалыматта:

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине 134 миллион 144 миң 130 сом (1,6 миллион доллар) түшкөн. Анын ичинен, 38 миллион 559 миң 300 сом (488 миң доллар) каражат бөлүнүп, алар медициналык кызматкерлерге кошумча акы төлөөгө жумшалган.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин эсебине 16 миллион 359 миң 993 сом (207 миң доллар)  келип түшкөн, анын 13 миллион 379 миң 996 сом (169 миң доллар) сарпталган.

Бишкек шаардык мэриясынын эсебине 4 миллион 296 миң 326,53 сом (54 миң доллар)  түшүп, анын 2 миллион 681 миң 441 сом (34 миң доллар) сарпталган.

http://kabar.kg/news/na-scheta-dlia-bor-by-s-covid-19-postupilo-okolo-155-mln-somov-ispol-zovano-poriadka-55-mln/