01.05.20

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө өлкөлөр, коронавирус пандемиясы учурунда, Транскаспий транспорттук коридорунун ишин активдештирүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жазып чыкты.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө өлкөлөрүнүн,  транспорт министрлеринин кезексиз кеңешмеси, 30-апрель күнү, видеоконференция форматында болуп өттү. Тараптар коронавирус илдетине каршы күрөшүүдөгү транспорттук операцияларды үзгүлтүксүз  камсыздоонун жолдорун талкуулашты.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө: “Министрлер Транскаспий  транспорттук эл аралык коридору аркылуу, товар ташууларды жеңилдетүү жана глобалдык пандемиянын уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикасына тийгизген терс кесепеттерин жоюу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты” - деп айтылат.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, онлайн жолугушуунун катышуучулары транспорттук квоталар, транзиттик документтер, алымдар жана уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы айдоочулардын визаларына байланышкан  өз ара жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.

2016-жылдын январь айында Азербайжан, Казакстан, Грузия, Украина өлкөлөрүнүн ортосунда, Транскаспий транспорттук эл аралык коридору менен Грузия жана Түркия аркылуу, Европага транспорттук жүк ташууда  жеңилдетилген тарифтерди түзүү жөнүндө протоколго кол коюшкан болучу.

Эскерте кетсек, 2009-жылы октябрь айында түзүлгөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (ТМКК) түрк тилинде сүйлөгөн мамлекеттерди бириктирген эл аралык уюм болуп саналат. Анын негизги максаты, мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган. Кеңештин курамына Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, жана Өзбекстан мамлекеттери кирет. Венгрия өлкөсү уюмга байкоочу катары катышып келет.

https://www.gazeta.uz/ru/2020/05/01/transport/