30.04.20

Түркиядан товар жүктөлгөн эң узун поезд экинчи ирет Орто Азияга карай сапарга чыккандыгы  тууралуу “Ихлас” кабар маалымат агенттиги (İha.com.tr) жазып чыкты.

Эл аралык товарларды ташуу менен алектенген “Arkas Lojistik” компаниясына тиешелүү болгон поезд, Түркиянын Билечик облусуна караштуу Бөзүйүк районунан Кыргызстандын Ош шаарына алюминийден жасалган электрик кабелдерин  жеткиргени  кабарланды.

2020-жылдын 30-апрель күнү жолго чыккан, экспортко арналган товар жүктөлгөн поезд 30 даана вагон же 60 контейнерден турат. Түркиядан эң узак сапарга чыккан (5.500 км) жана чиркелген эң көп вагондору бар поезд болуп эсептелет.

Түркиянын “Arkas Lojistik” компаниясынын башкаруучу курумунун төрөгасы, Онур Гөчмез: “Көп жылдардан бери темир жолу тармагына өзгөчө маани берип, арбын инвестиция жумшап  келебиз. Коронавирус илдетинен улам, товарды коопсуз жеткирүү сыяктуу тоскоолдуктар көбөйгөндүгүнө байланыштуу, темир жолу менен товар ташуу маанилүү орунга чыкты. Баку-Тиблиси-Карс (BTK) темир жолу аркылуу, Түркиядан Орто Азия өлкөлөрүнө ташыган товарлардын көлөмү бүгүнкү күнгө чейин 65.000 тоннадан ашты. Буга чейин, жумасына бир гана жолу товар жөнөтүп келген болсок, эми анын санын жумасына эки эсеге көбөйтүүнү пландап жатабыз. Азыркы учурда, Мерсин-Йениже жана Измит-Каратепеде эки терминал куруу планыбыз бар. Бүгүнкү күндө, биздин паркыбызда 700 ашуун вагон турат.  Баку-Тиблиси-Карс (BTK) темир жолу аркылуу, Түркиядан алгачкы ирет товар ташыган компания болуп эсептелебиз”-деп билдирди. Эл аралык товар жүгүртүүдө, темир жолунун ролу акыркы убактарда дагы жогорулады. Себеби, кара жол менен товар ташууда адамдар ортосунда байланыш болуп вирусту жуктуруп алуу ыктымалдыгы бир кыйла жогору болуп келген болучу. Мындай абалдан чыгууда темир жолунун мааниси өзгөчө орунга чыкты.  Ушундай кооптуу оор абал учурунда темир жолу үзгүлтүксүз соода жүгүртүүнү камсыз кылууда маанилүү кызмат аткарууда. Темир жолу менен товар ташуунун негизги артыкчылыгы бүтүндөй поезди эки гана адамдын башкаруусу менен керектүү даректерге жеткизүүгө болот.

Эскерте кетсек, өткөн 2020-жылдын 18-апрель күнү, 82 контейнерден турган узундугу 940 метр болгон экспорт үчүн товар жүктөлгөн поезд, Түркиянын Карс облусунан жолго чыккан болучу. Ал  поезд Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнө багыт алган болучу.

https://www.iha.com.tr/istanbul-haberleri/turkiyenin-tek-seferde-en-uzaga-giden-en-uzun-ihracat-treni-yolda-2595956/