09.05.20

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат мырза Кыргызстанда болуп жаткан коронавирус илдети жана Түркия тарабынан берилген гуманитардык жардамдар боюнча билдирүү таратты.

Элчи Жеңгиз Камил Фырат мырза, Кыргызстанда тараган коронавирус илдетине каршы 2020-жылдын 25-март жана 5-май күндөрү аралыгында, Түркиянын Кыргызстанга берген гуманитардык жардамы тууралуу маалымат берип өттү. Түркия Республикасынын элчиси Жеңгиз Камил Фырат мырза: “Кыргызстанда коронавирус (Covid-19) илдети жайылып баштаганы үчүн 2020-жылдын 25-март күнүнөн тартып, Бишкек шаары жана бир нече аймактарында карантин эрежелери киргизилген болучу. 2020-жылдын 5-май күнүнө чейин, Кыргызстанда 843 адам вирусту жуктуруп алган болсо, 11 адам көз жумган, ал эми 600 киши айыгып чыгышты. Ошол эле убакта, ар бир төртүнчү ооруну жуктуруп алган бейтап, Бишкек шаарынан чыгып жаткандыгы белгилүү болду.

Түркиянын Кыргызстанга коронавирус илдетине каршы күрөштө  жардам бергендиги тууралуу токтолуп өтсөк. Баарыңыздар билгендей, 2020-жылдын башында “Кыргыз-Түрк достугу” ооруканасы Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо минстрлигине (2020-жыл 25-март) өткөрүп бердик. Оорукана жалпы 72 жатак орундан, алардын 51 орундугун коронавируска каршы күрөштө колдонууга болот. Ал эми, калган 21 орун жасалма дем алдыруучу аппараттар менен камсыз болгон.  Менимче  Кыргызстанга коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө эң маанилүү жардам берген биздин өлкө болду деп эсептеймин.

Кыргызстандагы Түркия элчилигинин атынан берген жардамдарыбызга кыскача токтолуп кетким келет. “Кыргыз-Түрк Манас” университетинин 250 орундуу жатаканасын жана Түркиялык фирмага тиешелүү болгон “Ак кеме” мейманканасын Кыргызстанга карантинге алынган жарандарды жайгаштыруу үчүн колдонууга бердик.  

Түрк кызматташтыгы жана координация агенттигинин (TİKA) ортомчулугу менен 500 даана коробкадан турган гуманитардык жардам берилди. Алардын ичинде, вирустан коргоочу кийимдер, көз айнектер, кол каптар, дезинфекциялоочу каражаттар Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо минстрлигине өткөрүлүп берилди. Учурда болуп жаткан ыйык Рамазан айында азык-түлүк салынган 4,500 даана пакеттер таратылып баштамакчы.

Бишкек шаарында жайгашкан Кыргызстан-Түркия ишкерлер ассоциациясы  (TÜKİD),  50 миң долларга бааланган экспресс тестери, маскалар, дезинфекциялык каражаттар, адамдын жүзүн коргоочу  пластикалык маскалар жана башка медициналык эң керектүү болгон каражаттарын,  Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп беришти.

Мындан тышкары, Анадолу биримдиги (CCOLA) азык-түлүк салынган пакеттер жана 2,400 литр дезинфекциялык каражаттарын даректүү адрестерине жеткирип беришти. Демир банкы 2000 үй бүлөгө финансылык жардам көргөздү. Түркиялык фирмага таандык “Bişkek Park Sheraton” отели, азык-түлүк салынган 1300 даана пакеттен турган жардамын муктаж адамдарга таратып беришти. “Borusan” холдинги  Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине баасы 10 миң доллар турган компютерлер жана принтерлерди белек ирээтинде беришти. Түркиялык фармацевтикалык “Nobel” компаниясы 12 миң  долларлык  медициналык  гуманитардык  жардам беришти.

Кыргызстанда коронавирус илдети жайылып баштаган күндөн көп өтпөй эле кайрымдуу адамдардан чогулткан каражаттын эсебинен, Кыргызстандык 500 медицина кызматкерлери жана 500 укук коргоо кызматкерлерине 15 күн бою акысыз түшкү тамак менен камсыз кылып турдук”-деп билдирди.