15.07.20

Түркия Кыргызстанга коронавирус (Covid-19) илдети менен күрөшүү үчүн кезектеги гуманитардык жардамын жиберди. Бул тууралуу, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Бишкектеги координаторлугунун басма сөз кызматы  билдирди.

Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан коронавирус (Covid-19) илдетине каршы күрөшүү алкагында «Түрк аба жолдору» компаниясынын Аясофя аттуу учагы менен 2020-жылдын 15-июль күнү Кыргызстандын борбор калаасы Бишкекке алынып келинген медициналык жабдыктар жана шаймандар Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан Кыргыз Өкмөтүнө расмий түрдө тапшырылды.

Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Бишкектеги координаторлугунун басма сөз кызматы;

Президентибиз урматтуу Режеп Тайип Эрдоган менен Кыргыз Республикасынын президенти урматтуу Сооронбай Жээнбековдун ортосунда 2020-жылдын 6-июлунда телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин өлкөбүздөн Кыргызстанга гуманитардык жардам берүү чечими кабыл алынган.

7-июлда Түркия Республикасынын Өкмөтү Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте саламаттыкты сактоо тармагында гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси боюнча Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ортосунда түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлган. Бул Меморандумдун алкагында төмөнкү медициналык каражаттар жана жабдыктар:

-20 ИВЛ аппараты,

-50 концентратор,

-20 миң ПЦР тест,

-вирусту аныктоо үчүн 20 миң реагент,

-50 миң Н95 коргоочу маска, 100 миң хирургиялык маска,

-35 миң коргоочу костюм,

-2 миң коргоочу маска,

-10 миң куту гидроксихлорохин дарысы берилди.” - деп билдирди.

ТИКАнын Бишкектеги координаторлугу