12.08.20

Түркиялык ишкерлер Кыргызстанга кезектеги тез жардам унаасы жана кычкылтек концентратор аппараттары жардамы көрсөткөндүгү маалымдалды. Бул тууралуу, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координаторлугунун басма сөз кызматы билдирди.

Түркия-Кыргызстан ишкерлеринин маданият, өз ара жардамдашуу жана достук ассоциациясына (ТҮКИД) мүчө болгон «Башхан агрардык өндүрүү, сатуу жана сырткы соода» компаниясы жана ага караштуу “Дан Агро Азыктары” фирмасынын демөөрчүлүгүндө, Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилиги жана Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координаторлугунун ишмердүүлүгүндө коронавируска каршы күрөшүү алкагында Чүй облусунун Кант шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 1 даана тез жардам унаасы, аймактарга болсо 100 даана кычкылтек концентратору белекке берилгендиги билдирилди.

ТИКАнын Бишкектеги координаторлугунун басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Түркиянын дос жана бир тууганы Кыргызстанга болгон жардамдары улантылып жатат” - деп билдирилет.

ТИКАнын Бишкектеги координаторлугу