28.09.20

Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрь күнү,  “Көчмө маммографиялык борборун пайдалануу менен Кыргыз Республикасында эмчек жана жатын моюнчасынын рагына эрте диагноз коюу” аттуу долбоорунун алкагында, Германиядан алынып келинген көчмө мобилдик маммография клиникасын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көчмө мобилдик маммография клиникасын, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн көмөгү, Бишкек Эл аралык Аялдар Клубу (BIWC), “Түрк аба жолдору” компаниясы, Демир Банк, Кобанбай мырзанын үй-бүлөсү жана башка жарандардын жардамы менен сатылып алынды.

Ал эң акыркы технологиядагы санариптик маммографиялык аппараттар орнотулган мобилдик диагностикалык клиника болуп эсептелет.

Аталган долбоордун алкагында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) жана “Эргене” коомдук фондунун ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлган болучу.

Бул долбоордун максаты, аялдардын онкологиялык ооруларынын арасында, оорунун жана өлүмдүн негизги себеби болгон эмчек жана жатын моюнчасынын рагына каршы эрте диагноз коюу  болуп эсептелет.

Белек кылынган көчмө мобильдик диагностикалык клиника, Кыргызстандын калк жашаган аймактарын кезеги менен кыдырып, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна токтойт жана айылда жашаган аялдарды жогорку технологиялык диагностикадан пайдалануусуна  мүмкүнчүлүк түзүп бермекчи.

“Эргене” коомдук фондунун аймактардагы аялдарда рактын кеңири таралган түрлөрүн, эрте аныктоонун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу демилгеси, көптөгөн адамдардын жана уюмдардын аракети менен ишке ашырылды. Бул алкакта талыкпаган эмгеги үчүн Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчисинин жубайы Василика Фырат айымга өзгөчө ыраазычылык билдирилет.

Көчмө мобильдик маммография клиникасын тапшыруу аземинен кийин, дароо эле Токмок шаарына жөнөп кетти. Ал жерде, мобильдик клиниканын ишинин натыйжалуулугу текшерилет.  Андан кийин, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин графиги боюнча аймактарды кыдырып баштамакчы.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасында онкологиялык оорулардын арасында 1-орунду эмчек рагы (19,2% пайыз) турат. 2-орунда жатын моюнчасынын рагы (12,7% пайыз) турат.

2019-жылы эмчек рагынын 624 жаңы учуру жана жатын моюнчасынын рагы менен 408 учур катталган.

Айрыкча ТИКАнын Бишкектеги өкүлчүлүгү тарабынан Балыкчы шаарындагы №10 орто мектебинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн коррекциондук окуу бөлүмү ачылган.