18.11.20

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында, Ош шаарына Өзбекстандан гуманитардык жүктүн экинчи партиясы жеткирилди. Бул тууралуу, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Гуманитардык жүктү кабыл алуу иш-чарасына, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов жана «Узбекистон темир йуллари» Акционердик коомунун жетекчиси Хуснитдин Хасилов катышты.

Жарасул Абдураимов: “Ириде, биз жакын коңшуларбыз жана мындан ары карай өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Биз сиздердин колдооңуздарды баалайбыз жана COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө көрсөтүп жаткан колдооңуздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз”, - деп белгилеп өттү.

Өз кезегинде, Өзбекстандын делегациясынын башчысы Хуснитдин Хасилов кыйын кырдаалда бир тууган элдер ар дайым бири-бирине жардамга кол сунуп келишкенин билдирип келип: “Биздин элдердин ортосундагы мамилелер кылымдар бою калыптанып келген. Биздин тарыхыбыз бир жана достук мамиледеги Кыргызстан Республикасынын өнүгүүсүнө кызыкдарбыз”, - деп билдирди.

Темир жол аркылуу жеткирилген гуманитардык жүктүн курамында 3 миң тонна дан бар. Жакынкы күндөрү кезектеги темир жол каттамы аркылуу, Кыргызстанга 400 орундук оорукана үчүн атайы контейнерлер келери күтүлүүдө.

Белгилесек, жетишилген макулдашууларга ылайык, Бишкек шаарында жана Баткен облусунун Кадамжай районунда коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы туруу алкагында 200 орундук 2 мобилдик оорукана курулмакчы.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 15-ноябрь күнү Өзбекстан Кыргызстанга, COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында, медициналык буюмдар жана дары-дармек каражаттарынан турган гуманитардык жүктүн биринчи партиясын жеткирген болучу.

http://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstanga-zbekstandan-gumanitardyk-zh-kt-n-ekinchi-partiiasy-keldi/