18.11.20

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев 17 - ноябрь күнү, Пакистандын Гвадар шаарында болуп өткөн “Kытай-Пакистан экономикалык коридору - Борбор Азия өлкөлөрүнүн ишкердик мүмкүнчүлүктөрү” – деп аталган саммитке катышты. Бул тууралуу, Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Болуп өткөн саммит, Пакистандын Равалпинди шаарынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулуп, ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн Пакистандагы элчиликтеринин башчылары, Пакистандын саясий жана мамлекеттик лидерлери, ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө саммиттин катышуучуларына, Гвадар портунун (Пакистандын түштүк батышында Белужистан провинциясынын аймагында жайгашкан порт шаар) инвестициялык, соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилди.

Аталган порттун жетекчилиги, Кыргызстан тарапка Гвадар порту менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, Гвадар портун Кыргызстандык ишкерлер үчүн ачууга даяр экендигин билдиришти.

Саммиттин жүрүшүндө, Кыргызстандын элчиси Эрик Бейшембиев саммиттин катышуучуларына Кыргызстандын экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип өттү.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев 18-ноябрь күнү, Гвадар шаарына болгон иш сапарынын алкагында, аталган шаардын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Балуч Навид жана Пакистандын Сенатынын (парламентинин) мүчөсү Бабар Кауд менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык маселелер талкууланып, Пакистандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Балуч Навид мырза, Кыргызстандын товарларын Африка жана Чыгыш өлкөлөрүнө Гвадар порту аркылуу экспорттоону сунуш кылды.

Жолугушуу учурунда тараптар 2021-жылдын жаз айларында, Пакистанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Пакистан жана Афганистандын бизнес коомчулугунун катышуусу менен бизнес саммитин өткөрүүнү макулдашышты.

Эскерте кетсек, иш сапардын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев, Гвадар шаарынын портунун иши менен жеринде таанышып чыкты.

http://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstandyn-elchisi-pakistanda-tk-n-sammitte-kyrgyzstandyn-investitciialyk-m-mk-nch-l-kt-r-tuuraluu-aityp-berdi/