20.11.20

Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин 19 ноябрь күнү, Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кабыл алды. Көрүшмө учурунда, тараптар  экономикалык байланыштардын келечегин, чек араларды делимитациялоо  жана кызматташуу боюнча программага кол коюшту. Бул тууралуу, Тажикстандын иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү аз экендигин белгилешти. Ошол себептен, көмүскө ишмердүүлүк жана контрабандалык товар ташууларга каршы кечиктирилгис чараларды көрүүнү макулдашышты.

Руслан Казакбаев Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддинге эки өлкөнүн чектеш  жайгашкан аймактарына, биргелешкен ишканаларды ачуу сунушун берди. Мындан тышкары, өзгөчө  эки мамлекеттин ишкерлер кеңешин түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстан жана Тажикстандын Тышкы иштер министрлери соода алакаларын жандантуу, инвестициялык ишмердүүлүк жана транзиттик  потенциалды кеңейтүүнүн жолдорун талкуулашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министри жакын арада, эки өлкөнүн авиация ведомстволорунун жетекчилеринин онлайн көрүшмөлөрүн уюштуруу демилгесин көтөрдү.

Көрүшмөнүн соңунда, Руслан Казакбаев жана Сироджиддин Мухриддин эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуу боюнча программага кол коюшту.

https://centralasia.news/8008-tadzhikistan-i-kyrgyzstan-rasshirjat-jekonomicheskoe-sotrudnichestvo.html