25.11.20

Кыргызстанда алгачкы жолу автоунаа өндүрүлө баштады. “Кыргыз Унаа Курулуш” компаниясы өзү өндүргөн алгачкы тез жардам унаасын көрсөттү.

Аталган компания, 2019-жылдын март айында иштеп баштаган болучу. Заводдо жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн керектүү шаймандар жана техникалар өндүрүлүп жатат. Мындан тышкары, трансформаторлор жана акылдуу эсептегич аппараттары иштелип чыгып, сыноодон өткөрүлгөн.

Кыргызстандын электроэнергетика тармагынын чоң потенциалын эске алуу менен ошондой эле чакан жана чоң гидроэлектрстанциялар үчүн зарыл болгон жабдуулар, анын ичинде гидротурбиналар менен генераторлор чыгарылып жаткан учуру.

Эскерте кетсек, “Кыргыз Унаа Курулуш” компаниясынын курулуш иштеринин биринчи этабына болжол менен 20 миллион доллар сарпталган. Завод Европа жана Япониянын заманбап жабдуулары менен жабдылган.

http://176.126.167.113/wordpress/?p=710