28.11.20

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Чүй облусундагы иш сапарында, Кайыңды шаарында жайгашкан “Металл-Кен” металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүргөн жана аны кайра иштетип чыгарган заводдун иши менен таанышып чыкты. Бул тууралуу, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков: “Бүгүнкү күндө, завод ачылууга толугу менен даяр деп айтсак болот. Бирок коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу  аны ишке киргизүү кийинкиге калтырылды. Быйыл өндүрүштү ишке киргизүүнү пландалып, бирок пандемиядан улам, өзгөртүүлөрдү киргизгенин билемин. Завод 2021-жылдын биринчи кварталында ишке кирет деп ишенем. Кытай Эл Республикасынан буйрутмага берилген керектүү жабдууларды жана заводдун жумушчуларын окутуу үчүн адистерди өлкөгө алып келе албай жатканыңыздар менен кабарым бар. Кыргыз Республикасынын өкмөтү бул маселени ыкчам чечүүгө жардам берет. Тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилет”, - деп билдирди.

Эскерте кетсек, заводду курууга  салынган инвестициянын жалпы көлөмү 50 миллион долларды түзөт. Завод толук өндүрүштүк циклге ээ жана металлдын көпчүлүк түрүн чыгарат. Аларга арматуранын бардык түрлөрү жана сапаттуу металл буюмдары. Өндүрүштүн жылдык пландаштырылган көлөмү 200 миң тоннадан ашык болоттон жасалган буюмдар түзөт.

Заводдо беш жүзгө жакын адам иштейт, анын ичинен эки жүздөн ашууну Кайыңды шаарынын жана жакынкы калктуу конуштардын тургундары болуп эсептелет.

https://elgezit.kg/2020/11/28/artem-novikov-oznakomilsya-s-deyatelnostyu-zavoda-po-pererabotke-metalla-v-kaindy/