01.12.20

Кыргызстандын Пакистандагы толук ыйгарымдуу элчиси Эрик Бейшембиев, Карачи шаарына болгон иш сапарынын алкагында, өлкөдө эң ири деп эсептелинген “Pelikan Knitwear” фабрикасы менен таанышып кайтты.

“Pelikan Knitwear” фабрикасы дүйнөгө белгилүү “Zara”, “Pull&Bear” жана  “Bershka” аттуу бредн деп таанылган кийим тигүүчү фирмалардын кездемелерин даярдайт.  Бул тууралуу, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Фабриканын иши менен таанышуу учурунда, Эрик Бейшембиев, аталган ишкананын директорунун милдетин аткаруучу Фавад Усман мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Кыргызстандын Пакистандагы толук ыйгарымдуу элчиси Эрик Бейшембиев көрүшмө учурунда, Кыргызстан жана Пакистан биргелешкен текстиль фабрикасын ачууну сунуштады. Ошондой эле элчи мырза, өндүрүлгөн продукция тоскоолдуксуз башка өлкөлөргө экспорттоо үчүн ВСП+,(Европа биримдигинин базарына 6,2 миң түрдөгү товарды бажы салыгын төлөбөстөн алып барып сатууга мүмкүндүк берген статус болуп эсептелет. Пакистан учурда ВСП+ статусуна ээ болгон мамлекеттердин катарына кирет) статусунда боло тургандыгын белгилеп өттү.

https://economist.kg/2020/11/24/proizvoditelju-odezhdy-brendov-zara-pull-bear-bershka-predlozhili-otkryt-tekstilnye-fabriki-v-kyrgyzstane/