09.12.20

Өзбекстандын Фергана шаарында, Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Артем Новиков менен Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу, өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын бардык спектрин талкуулашты.

Тактап айтканда, ушул жылдын 25-декабрына чейин биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү чараларын, багыттарын жана шарттарын аныктоо менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жана өнөр жай кызматташтыгынын долбоорлорун жүзөгө ашыруу боюнча маселелердин жыйындысын кароо чечими кабыл алынды.

Эки өлкөнүн экспорттук географиясын кеңейтүү жана алардын жаңы рынокторго чыгуусу үчүн транспорттук индустрияны, анын ичинде эл аралык транспортту өнүктүрүү маселелери каралды.

Тараптар эки өлкөнүн аймагында биргелешкен соода-логистикалык тармагын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле буга чейин кол коюлган Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында, уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн “Кыргызстан-Өзбекстан” инвестициялык фондун түзүү жана бажы чөйрөсүндө өз ара кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

http://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstan-menen-zbekstandyn-ortosundagy-kyzmattashtyk-maseleleri-talkuulandy/