11.12.20

Кыргызстандын Өнөр жай палатасы менен Түркиянын Соода палаталар жана товардык биржалар союзу биргелешип 11-декабрь күнү, видеоконференция форматында жыйын өткөрүштү. Форумга Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Түркиялык ишкерлер катышышты. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кубанычбек Өмүралиев катышуучуларга, Кыргызстандагы экономикалык кырдаал, өлкөдөгү инвесторлорду жана ишкерлерди коргоо жана колдоо үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Элчи мырза, Кыргызстандын өкмөтүнүн жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилеринин Бишкек шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында иштеп жатышкан ишкерлер менен жолугушууларды өткөргөндүгү тууралуу маалымат берди. Өмүралиев Түркиялык ишкерлердин Кыргызстандын экономикасына активдүү инвестиция салууга чакырып өттү. Элчи Кубанычбек Өмүралиев өзгөчө Кыргызстандын өкмөтү, ишкерлердин ишмердүүлүгүн жеңилдетүү максатында, тиешелүү органдар тарабынан дагы бир жылга бизнести текшерүүнү токтотуу чечими кабыл алынгандыгын (2022-жылга чейин) билдирди.

Ошондой эле көрүшмөнүн жүрүшүндө, Түркиялык ишкерлер менен биргеликте 2021-жылы Ысык-Көл облусунда, эки өлкөнүн ишкелеринин катышуусу менен “Кыргызстан-Түркия” бизнес-форумун өткөрүү маселеси талкууланды.

https://kyrgyztoday.org/ru/news_ru/posol-kubanychbek-omuraliev-prinyal-uchastie-v-videokonferentsii-kyrgyzsko-turetskogo-torgovo-promyshlennogo-foruma/