16.12.20

2020-жылдын 15-декабрь күнү, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Россиянын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен Москва шаарында жолугушту. Бул тууралуу, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министрлер COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен күрөшүү жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча Кыргызстан менен Россиянын кызматташуусунун негизги багыттарын талкуулашты.

Министр Бейшеналиев Россия тарапка коронавирус инфекциясына байланыштуу түзүлгөн оор кырдаалда Кыргызстанга берилген гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ушул жылдын июль айында оорунун күчөп турган учурунда, Россиянын медициналык адистери Кыргызстанда ооруну жеңүүгө кошкон зор салымын өзгөчө белгилеп өттү.

Көрүшмөнүн жүрүшүндө, коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү Россиянын алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен биргелешкен чараларды кабыл алуу жана Кыргызстанга медициналык гуманитардык жардам, анын ичинен “Спутник V” вакцинасын берүү мүмкүнчүлүгү боюнча маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Михаил Мурашко эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерин эске алуу менен Россия тарап, Кыргызстанга коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн мүмкүн болушунча жардам берүү маселеси өзгөчө көңүлгө алынарын билдирди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында “Спутник V” вакцинасын чыгаруу маселеси талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар коронавирус илдетинин жайылуусуна каршы күрөшүүгө биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону макулдашышты.

http://kabar.kg/news/glavy-minzdrava-kr-i-rf-vozmozhnost-proizvodstva-v-kyrgyzstane-vaktciny-sputnik-v/