18.12.20

Кыргызстандын Ош шаарында жайгашкан жеке менчик ишкана ар бир айда 30 даана тез жардам унаасын чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу, аймактык кабарчы билдирди.

18-декабрь күнү, вице-премьер министр Равшан Сабиров Ош шаарына барып, бир катар өндүрүштүк ишканаларды кыдырган.

Ал машина куруу заводу жана “Кең-Сай” турак жай конушундагы текстиль фабрикасынын курулушу менен таанышкан.

Заводдун директору Абдуманап Кудайбердиев. азыркы тапта “Форд Транзит” үлгүсүндөгү унааны тез жардам кызматына ылайыкташтырып чогултуп жатышканын билдирген.

Абдуманап Кудайбердиев: “Күн сайын бирден машина жасалат. Бизге унаанын кузову менен шассиси гана чет жактан келет, калган бөлүгүн өзүбүз чыгарабыз. Бул “В” классындагы автоунаа болуп эсептелет. Эгерде автоунаага  өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратын орнотуп, реанимобиль деп атап койсо да болот. Бизге азыр буюртмалар келип түшө баштады. Мындан сырткары, өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратын чыгаруунун үстүндө иштеп жатабыз. Үлгү катары Россиядан бир аппарат алып келинген. Аны менен катар көчмө рентген аппаратын өндүрүү планыбыз бар”, - деп билдирди.

Ошондой эле ал бул заводдон алдыда электроавтобустар дагы чыгарыла турганын кошумчалады.

Өз кезегинде вице-премьер министр Равшан Сабиров мамлекет тарабынан өндүрүштүк ишканаларга көңүл бурулуп, колдоого алына тургандыгын билдирди.

https://sputnik.kg/society/20201218/1050823400/osh-tez-zhardam-unaasy-chygarylat.html